www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу Арзыбек Бурканов парламенттик шайлоонун амалдары менен баш оорутуп жаткан чагы. Резиденцияда майкечен жүрүп калганына мактанып, «каралар» менен кызматташканына делөөрүйбү? Аларга көз карандыбы?..

Айтор, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жыгууга ашыгып, «Ишенимди» сүрөп, жакындарын да депутат кылуу үчүн Баткен облусунан иштей турганы айтылды. Ал жактагы көпчүлүк чиновниктер туугандары, дос-жарлары эмеспи.

Эл көзүнөн оолак Арзыбек Бурканов бизнести да катыра кылууга ашыгып жатыптыр. Бийликтин адамы сыңарындай көрүнүп, ишкерликтин изине түшүп, ири долбоорлорго, тендерлерге аралашса эле кекиртегине чейин чөмүлүп кетпейби?

Бул дүйнөдө аял менен акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес. Пенде баласы бар оокаткака ниет кылбаса, ачкөздүктүн аягы эмнеге алып барарын көрүп жатпайбызбы. Топук кылуудан өткөн баалуулук барбы? Арзыбек адыраңдай бербей сабак алабы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости