www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз байыган Алиярбек Абжалиев кайра шайлоого чыгабы?

Ушундай. «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иштери козголуп, 20 миллион сом «кусуп» кутулган Алиярбек Абжалиев жылкы мүнөз окшойт.

Соке кудасынын учурунда эбегейсиз байыганы, манчыркап калганы, кийин жакындарына каттаткан мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланганда элдин баары таңгалган эй!

Бул эргул кылмыш жоопкерчилигинен оңой кутулуп кеткенин партиялаштары, кесиптештери эле айтууда. Балким, жашырып калган байлыктары болсо, дагы иликтенсе керек.

А эң кызыгы, ушул күндөрү Алиярбек Абжалиев кайрадан депутаттык мандатты кыялданып, шайлоого чыгууга оолугуп атканы кандай?

Бул боюнча жакын санаалаштары айтууда. Акчанын күчү менен кайрадан парламентке келип, бийликтин тилин табууга ашыкса, жыргал заманы уланабы?

Жогору жакта деле кыраакы төбөлдөр отурат да, Абжалиевдин амалдарына алданып калбаса керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости