www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 күн мурда кайгуул кызматкери айдоочу Чыңгызды айтыша кеткени үчүн атып салганы коомчулукта чоң талкуу жаратып, нааразычылыктар арбын айтылды. Милициянын беделин түшүргөн окуя катары сыпатталды. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген кепти эрксизден эстедик...

Эмесе, кесепети кайдан чыкты? Саресеп салып көрөлү, Бишкек ШИИБ начальниги Ногойбаевдин иштей албай жатканынан терс көрүнүштөр орун алууда. Бул «боорсок» өздүк курамга жакпаса, кол алдындагылар тоготушпаса, кабинетин минип алып эле отурса, алдын ала профилактикалык иштерди жасабаса, эл алдына чыга албаса, анан кайдагы ийгиликти күтөсүңөр? Убагында ОПГ мүчөлөрүнө «сүздүрүп коюп, арыз жазып жүрсө, Сокулук РИБден, ГУБОПтон иштей албай кетсе, милиция чөйрөсүндө кадыр-баркы какшып турса, анан ушул үлгү жаратабы? Учурда Азамат Ногойбаевдин артыкчылыктуу иши барбы? Кылмыштуулук менен күрөшүп жатканын, коомдук-коопсуздукту кандай алкакта камсыздаганын билесиңерби? Белгисиз. Эптеп эле күн өтсө, чалкалап креслодо отурса, чөнтөгүн толтурса эле жыргайбы? Эртеңки суракчы? Таң каласын Борбор шаарыбыз Бишкектин башкы милициясы катары коомчулукка үлгү көрсөткөн иш-чараларды уюштура албаса, демилгеси, идеясы жок болсо, мындай жетекчинин эмне кереги бар? Кетпейби? Ансыз да жогорку жетекчилерине сөз тийгизип бүттү.

Баса, Азамат Ногойбаевди атасынын жолдоштору, генералдар колдоо таризинде бул кызматка койдурганы жалганбы? Жогору жакка суранып жатышып. Эрксизден таамай макал эске түшөт да: «Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт» деген...

Булак: Азия News гезити

Последние новости