www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Бишкек ШИИБ начальниги катары Азамат Ногойбаев иштей албай, орду көптөн бери көмүскөдөн талашка түшүп, бирок конкреттүү кадр табыла элек.

Негизи татыктуулар бар, аларды качан көрө алабыз? Тилекке каршы, генерал-майорду абалардын аркасы менен алган Октябрь Урмамбетов ИИМ орун басарлыгына алымсынбай, Бишкек шаарынын башкы милициясы болууга жанталашып жатыптыр.

Бул боюнча өздүк булагыбыз билдирди. Албетте, татыксыз! Реалдуу турмушта так, даана ишин көрсөтө албаган, депутаттардан жеме уккан, башынан таасирдүү адамдардын желеп-таяганы менен чоңоюп келаткан пенде кыйратабы?

Өзүнө ишене албайт... Мансап кумарына катуу азгырылып кеткен чиновниктерди билебиз, эртеңки күндөрү жамандык менен бүтчү эле. Кеп кезеги али алдыда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости