www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында тарыхта болбогон жеңишке жетип келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө төртүнчү орунга илинди.

"Япония, Иран жана Казакстандан кийинки орунга татыды. Кыргызстандын куржунуна жалпы 14 медаль топтолуп, кыргыз балбандары Азия чемпионатында тарыхта болбогон жеңишке жетип келишти. Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча курама үчүнчү, эркин жана кыз-келиндер арасында курамасы жалпы көрсөткүчтө алтынчы орунга жетти", - дейт ал.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 14 медаль багындырышкан:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг;
Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:
Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
Эрназар Акматалиев - 70 кг.

Коло медаль:
Алмаз Сманбеков - 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков - 61 кг;
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Ислам Орозбеков - 74 кг;
Арсалан Будажапов - 79 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости