www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаяндын өлкөгө киришине тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

"Орусиялык журналист Тигран Кеосаяндын кемсинтүүчү жана бир жактуу билдирүүсү орус коому менен саясий чөйрөсүнүн айрым катмарынын көз карашын чагылдырышы мүмкүн. Бирок ал эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн мазмуну менен мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги келишимдердин багытына туура келбейт. Мындай билдирүүлөр ынак коңшулукка зыян келтирип, стратегиялык өнөктөштүктүн каршылаштары үчүн пайдалуу болот. Кеосаян Казакстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилиши мүмкүн", — деди Смадияров.

24-апрелде интернетке Кеосаяндын казакстандыктар тууралуу терс пикирин айткан билдирүүсү жарыяланган. Анда ал Казакстандын элин "жакшылыкты билбеген эл" деп атап, казак бийлигин "Украинадагы кырдаалдан сабак алып, жакшылап ойлонууга" чакырган. Өз кезегинде анын бул сөздөрү казак коомчулугу тарабынан ачык коркутуу катары бааланган.

Буга чейин Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 7-майда белгилене турган Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө жана 9-майда белгилене турган Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүндө аскердик парад өтпөй турганын билдирген. Мекеме бул чечимин бюджеттик каражатты үнөмдөө жана "башка маселелерди чечүү" зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Бул орус саясатчылары менен белгилүү адамдарынын Казакстанга карата терс пикирлерин билдирген алгачкы учур эмес. Марттын аягында Москва шаардык думасынын депутаты Сергей Савостьянов Украинадагыдай эле Казакстанды да "денацификациялоого" жана "демилитаризациялоого" чакырган. Анда Казакстандын ТИМи Орусиянын "федералдык деңгээлдеги билдирүүлөрүнө гана" реакция кыла турганын билдирген.

Москванын негизги өнөктөштөрүнүн бири эсептелген Нур-Султан Орусиянын 24-февралдагы Украинага каршы согушун айыптаган жок. Март айында Казакстан орусиялык аскерлерди Украинадан чыгарууну талап кылган БУУнун эки резолюциясы боюнча добуш берүүдө калыс позициясын билдирген. Андан бери өлкө Украинадагы жаңжалда бейтарап позицияны карманууга аракет кылып келет.

Анткен менен казак бийлигинин өкүлдөрү жеке билдирүүлөрүндө Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлаарын жана Украинанын чыгышындагы жикчил аймактардын "көз карандысыздыгын" тааныбай турганын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости