www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакбаев жок, Козак Бишкекти айланчыктап калды

Козак Орусиядагы Минск келишимдери боюнча жооп бере турган өкүлү болгон. Ал сегиз жыл серпеңдеди бирок Минск келишими бир кадам алдыга жылып койгон жок. Акыры Орусия Украинага атайын операция уюштуруп жатканы белгилүү. Өйдө караса Өзгөндү сүйлөп, ылдый караса ыңкылап тууралуу кеп кылган биздин Козак бар болчу, аны Казакбаев деше турган. Москва менен алаканы бузуш үчүн Москвага барса кыргызча сүйлөп жиберер эле. Бабанов менен кыйбас достугу эске түштүбү жакында «борттон» алыс ыргытылды.  Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак болсо өткөн жумада Кыргызстанга келип кеткенин күңкүлдөп айтып калышты. Козактын бул сапары тууралуу Бишкек да, Москва да расмий маалымат тарата элек. Маалыматчылар президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы менен байланышып комментарий ала алган жок. Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Орусиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда 12-октябрда Кремлдин өкүлү Козак Кыргызстанга ошол учак менен келгенин журналисттер аныкташкан. Ал келип кеткен соң Бабановдун көздөй кишиси Казакбаев минисрлик кызмыт алат. 2022-жылдын 5-марттында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулаган. 22-апрелде министр Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалган. Казакбаевдин кызматынан кетиши Козактын ичин ачыштырып жатабы же жана башка себептери барбы?

2014 – жылы Украинада Евромайдандан соң бийлик алмашып, Януковичтин ордуна Порошенко келет, өңүтүн күтүп жаткан Орусия маалкатпай туруп Крымды алып коюшат. Көп өтпөй Владимир Ленин тарабынан советтик Украинага өткөн Донбасс менен Луганск элдик республика түзүлүп, сегиз жылдан бери “кел” дешип бири-бири менен тытышып,  келаткан бир тууган орус-украин мамилесин жөнгө салуу үчүн Норман форматы түзүлгөн. Муну жайгаруу үчүн Кремлден өкүл катары Козак дайындалган.

Байыртан Киммерия мамлекети ээлеп  орус менен украиндердин түпкү атасы славяндар токойдо темселеп жүргөндө, Крымда байыртан Киммерия мамлекети түзүлгөн. Окумуштуулардын айтуусунда биздин ата-бабаларыбыздан сактанып, Киммерия мамлекети чеп курганы тууралуу тарыхий булактар бар. Манаста “Бири кетти Урумга (Рим), бири кетти  Кырымга (Крым) дешип илгертен айтып келген. Учурунда Киммерия гүлдөгөн мамлекеттке айланган. Бирок, биздин заманга чейин эле кыргыздардын буту Крымды тепсеп жүргөнүн орус теле көрсөтүүсү бүгүн ачык берип жатат. 

Батый хандын татар-монголдору 1239-жылы Крымга чейин жеткен, бул колдо көпчүлүгү түрк, кыргыздар болгондуктан Крымды  ээлеген соң түрк тилинде сүйлөшкөн эл пайда болгон. Алтын-Ордо 300 жыл орустарды эзип, 1380-жылы Кулиководо орус күчү жеңген соң да, уруу сүрүштүргөндө энеси жаатында Мамайдан тараган Иван Грозныйдын тушунда ХIV кылымда Москва падышачылыгы Крым татарларына салык төлөп турган. Баса, Мамай Кулиководо кол кураганда көпчүлүгү орус княздары болгон экен, тескерисинче Москванын Улуу князы Дмитрий Донскойдун аскеринде монгол-татарлар көпчүлүктү түзгөн. Куликово салгылашуусунан соң орустар Алтын Ордого баш ийбей калат. Алтын Ордо тараган соң мусулман, түрк тилинде сүйлөгөн Крым хандыгы түзүлүп бул хандыкка Москва “дань” жагынан көз каранды болгон.

Петр биринчи, анын экинчи  жубайы Екатерина биринчинин, анын биринчи аялынан небереси Петр экинчинин, бир тууганынын кызы Анна Ивановнанын, экинчи аялынан кызы Елизавета Петровнанын, анын баласы Петр үчүнчүнүн тушунда да Крым хандыгы Орусияга эмес, Осман империясына баш ийип турган.

1783-жылы 19-апрелде Петр үчүнчүнүн жубайы Екатерина экинчи айыгышкан салгылашуулардан соң Крым Орусия империясына кошулду деп бүтүм чыгарат. Улуу Ата –Мекендик согуш учурунда 1944-жылы Сталин тарабынан крым татарлары депортацияланып Крымдан көчүрүлгөн, кайра 1987-жылы мекенине кайта баштайт. 1954-жылы 19-февралда Хрущев орус менен украиндердин кошулганына 300 жылдык мааракесине карата Крымды Украинага белекке берген. 1991-жылы Крым областынын ордуна Украинада Крым АССРи түзүлөт. 2014-жылы Крым Орусия Федерациясынын карамагына кошулуп, Крым Республикасы түзүлөт, бирок ушул күнгө чейин дүйнөдө аны көп мамлекеттер тааныбайт.

Донецск элдик республикасы (ДНР) Украинанын аймагындагы Донецск областы, ал кездеги жаңы бийликке каршылык көрсөтүп 2014-жылдын 7-апрелинде  Донецск элдик республикасын (ДНР) түзүшкөн. Ошол эле жылдын 12-майында референдум өткөзүп, бул маселени колдошкон. Дүйнөдө жалгыз Түштүк Осетия республикасы гана колдогон. Донецск элдик республикасы түзүлгөн соң 2014-2015-жылдары болгон согуштун натыйжасында, ДНРдин карамагында борбордук жана түштүк райондор гана, алгач көзөмөлгө алган аймактардын үчтөн бири гана калган. Бул райондорду Украина Орусия тарабынан убактылуу  оккупацияланып калган  аймак деп билет. Донецск элдик республикасы Украина бийлигин кылмышкер режим катары карап, Орусия болсо бул жакта болгон согуштук чыр-чатакка тиешеси жок экенин билдирип келет.

Луганск элдик республикасы (ЛНР) Украинанын аймагындагы Луганск областы, ал кездеги жаңы бийликке каршылык көрсөтүп 2014-жылдын 27-апрелинде  Луганск элдик республикасын (ЛНР) түзүшкөн. Ошол эле жылдын 12-майында референдум өткөзүп, бул маселени колдошкон. Дүйнөдө жалгыз Түштүк Осетия республикасы гана колдогон. Луганск элдик республикасы Орусиянын карамагына өтүүнү көздөп, 2014-жылдын 11-июнунда Орусияга жана башка он төрт мамлекетке кайрылган. Донецск элдик республикасы   жана Луганск элдик республикасы биригип Жаңыорусияны түзүшүп, бир жылдан соң Минск келишими боюнча токтотулган.

Падышачылык империянын учурунда бул аймактар Екатеринослав губерниясынын карамагында болгон. Улуу Октябрь революциясынан соң 1918-жылы январда  Советтик Орусиянын курамында Донецск - Кривой Рог советтик республикасы түзүлгөн, бирок бир нече убакыттан соң Владимир Ленин бул аймакты автоном кылып, Украина ССРинин курамына берет. Германия Украинаны басып алган соң бул маселе чиелүү болуп калат. Совет бийлиги кайрадан бул аймакты алган соң, бул аймак Украинага берилип Донецск - Кривой Рог автономдук республикасы жоюлат.

1920-жылы Лениндин демилгеси менен Дон Аскер областынын түштүк-батыш тарабы РСФСРден УССРга берилет. 1932-жылы ушул аймактардын негизинде Донецск облусу түзүлгөн.

Норман форматы 2014-жылдын 6-июнунда Нормандияда Франция, Орусия, Германия жана Украина мамлекеттердин ортосундагы формат. Крымдагы жана Чыгыш Украинадагы Донбасс, Луганскидеги окуяларды тынчтык жолуна салыш үчүн түзүлгөн. Булардын лидерлеринин ортосунда 2015-жылдын 11-12 - февралында Минск шаарында узакка созулган талаш-тартыштан соң Минск макулдашуусу түзүлгөн. Минск макулдашуусу боюнча Донбасс менен Луганскиге өзгөчө макам берилмек, бирок бул формат ушул күнгө чейин аткарылбай нечендеген өмүрлөр кыйылып келатат. Негизи “Норман форматы” ооз жүзүндө гана айтылып калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости