www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелек камакка алынды. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорундагы жемкорлук боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 8-августта Биринчи май райондук соту айыпталуучуну 13-октябрга чейин убактылуу кармоочу жайда кармоону чечти. М.Макелек кыргыз парламентчилеринин комиссиясынын түзгөн “кара тизмесинде” жок болчу. Ошондуктан, анын камакка алынышы комиссиянын мүчөлөрүн да, депутаттарды да таң калтырууда.
ТЭЦти реконструкциялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын ишмердиги кыргыз коомчулугунун катуу сынына кабылган. Долбоордун техникалык негиздемесиз аткарылышы, реалдуу негизи жок баалар, курулуштун сапатындагы одоно кемчиликтер жана жогорку рангдагы чиновниктерди азгырган жемкорлук иштери менен алектенгени боюнча фактылардын бети ачылып, бир нече кылмыш иши козголгон. Бирок, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков расмий Бээжин мындай талаш-тартышка нааразы болоорун билдирип, кытай тарапка катуу сөз айтпоого чакырган. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапарында расмий Бээжин эгер Бишкек ТЭЦиндеги аталган коррупциялык иштер аныкталчу болсо өз өкүлдөрүнө карата чара көрөөрүн билдирген. Маалыматтарга караганда, учурда Кытайда ТВЕАнын бир катар жетекчилери жоопко тартылып жатышат.
Тармактык эксперттер Мусажан Макелекти ТВЕАнын өкүлү катары кыргыз өкмөтүнүн башчылары, министрлер, депутаттар менен түздөн-түз иш алып баргандыгын белгилешет. Долбоорго байланыштуу бардык мыйзамсыз иштер М.Макелек аркылуу жасалганы айтылат. Мусажан Макелек 389 млн долларлык “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууда да ортомчу катары орчундуу жумуш аткарып, 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин колунан Ардак грамота алган. Быйыл Эсеп палатасы тарабынан “Датка-Кемин” долбоорунда да ири жемкорлук иштер аныкталып чыккан. Эсептөөлөр боюнча мында 100 млн долларды чапчыган ашыра жазуулар орун алган. Бул жаатта Бишкек ТЭЦи менен “Датка-Кеминдеги” схемалар окшош болуп чыгууда. Мусажан Макелек – Кытайдагы белгилүү кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын уулу.
Булак: NazarNews.kg