www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунун Ивановка айылына жакын аймакта жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-апрелде кечки саат 17:00 чамасында болгон.

“Инфинити унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта Бишкек-Нарын-Торугарт ички жолунун 36-чакырымында келе жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа кырсыктын кесепетинен экиге бөлүнүп калган. Жаракат алган айдоочу менен жүргүнчү ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости