www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, учурда ЖЭБдин кубаттуулугун алыбына келтирүү үчүн камсыздоо каналын ылай, балыр жана чоподон тазалоо иштери, ошондой эле каналдын боюндагы бир нече аянттарда атайын техникалар жана каналдын түбүнүн бир бөлүгүн дренаждоо иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө.

Бул канал ЖЭБдин турбиналык конденсаторлордо өтө ысып кеткен бууну муздатуу, көмөкчү жабдууларды жана айлануучу механизмдерди муздатуу үчүн техникалык суу менен камсыз кылат.

Каналды тазалоо иштеринин негизги максаты ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон муздаткыч суунун өткөрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жол бербөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБ Кыргызстандын бүткүл түндүгүн электр энергиясы, Бишкек шаарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган татаал технологиялык процесси бар стратегиялык ишкана.

Маалымат үчүн: ЖЭБди суу менен камсыз кылуунун негизги булагы 4 чакырымдай аралыкта жайгашкан Батыш Чоң Чүй каналы болуп эсептелет. Батыш Чоң Чүй каналынан суу жээктеги үч насостук станцияга (БНС-1, 2, 3) жеткирүүчү канал аркылуу берилет, жалпы чыгымы 28 м3/сек. Жээктеги насостук станцияда (БНС) циркуляциялык насостор орнотулган, алар кайра иштетүүчү сууну циркуляциялык түтүктөр аркылуу айдайт. Насостук станциянын аймагынан ЖЭБдин аймагына чейин жер астынан тартылган циркуляциялык суу түтүктөрү, ЖЭБди суу менен камсыз кылуунун резервдик булагы, чыгымы 15 м3/с чейин болгон Аламүдүн темир-бетон каналы (жогорку агым) болуп саналат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости