www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Студенттер алар үчүн коомдук транспорттогу жол кирени жана ички аба каттамдардагы учак билетинин баасын арзандатууну суранууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров билдирди.

Абакировдун айтымында, өткөн аптада ал парламентке келген студенттер менен жолугушкан. Анда студенттер депутатка аталган эки сунушту айтып кеткен. Мындан улам депутат студенттер үчүн жол кире билетин (проездной) киргизүүнү сунуштап, Бишкектин мэриясын бул маселени кароого чакырды.

Андан тышкары аймактан келген студенттер алар үчүн ички аба каттамдагы учак билетинин баасын арзандатууну өтүнгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости