www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеш иликтөө материалдары көп болуп жаткандыктан, 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын иштөө мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартты. Бул боюнча Жогорку Кеӊештин токтом кабыл алынды деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Кылмыш кодексинин 316-беренеси боюнча («Шалаакылык») кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү - Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»фракциясынан).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости