www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 400 миң тонна казакстандык көмүрдү жеткирүү боюнча “КарТрансКөмүр” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Электр тармактары” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн биринчи партиясы октябрда келип, жеткирүү графиги 2023-жылдын жазына чейин эсептелинген.

Буга чейин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкек жылуулук электр борборуна алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости