www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Абдымамбет Сариев мекен үчүн күйгөн атуулдарды радикал исламчыларга кор кылбоону айтып, бийликтегилерге кайрылды.

"Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго, Жогорку Кеңешинин төрагасы Н. Т. Шакиевге, Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Ү. Жапаровго, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы К. К. Ташиевге, Жогорку соттун төрагасы З. К.Базарбековго, Башкы Прокурор К. Т. Зулушевге, Ички иштер министри У. О. Ниязбековго кайрылуу.

Эл арасында айтылгандай, мыйзамсыз уюшкан диний топ адвокат жалдап эл-жерге күйгөн, нарктуулукту сактаган, улуттук салтты карманган, мыйзамдарга баш ийген патриотторду "сындыруу" үчүн шылтоо таап тизмелеп КР КЖКнын 330-беренесине такап милицияга, прокуратурага, сотко бере берсе, жыйынтыгында эртең өлкөгө күйгөн, баш көтөргөн киши калбай калса не болот?

Чет элден ар кандай жолдор менен каражат алып, алардын тапшырмасын аткарып, момун мусулманчылыктан тайыган радикал исламчылар Конституция баш болгон Мыйзамдарга баш ийбей, салт бузулуп, илим-билим сыртка тебилип, светтик мамлекет теократиялык мамлекетке айланып, кыргыз улуту жоюлуп кетсе не болот?!

Урматтуу бийлик ээлери, сиздерден сураныч. Калыстык кылып акчасы жок, бирок, мекен үчүн күйгөн, салтты карманып, мыйзамдарга баш ийип улутка кызмат кылган патриотторго оң көзүңүздөрдү салып, аларды радикал исламчыларга кор кылбаңыздар, тебелетпеңиздер!", - деп жазылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости