www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаздын келиши менен шаардыктардан борбор калаанын көчөлөрүндөгү чуңкурлар боюнча даттануулар көп түшө баштады. Бишкек мэриясы жарандардан кечирим сурайт жана кырдаалды туура түшүнүүнү суранат.

“Кабар” агенттигине муниципалитеттен билдиришкендей, катуу сууктан кийин бир нече калың жааган кардын таасиринен шаардын көчөлөрүндө чуңкурлар пайда болду. Чуңкурлар суу чогулган асфальт кошулмаларында, асфальт төшөлгөн кудуктардын тегерегинде, көпүрөлөрдө, көчөлөрдүн кесилишинде жана колдонуу мөөнөтү аяктаган эски жолдордо пайда болууда.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы учурда шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү аймактарды убактылуу оңдоодо.

Учурда аба ырайынын суу болушуна жана кардын жаашына байланыштуу чуңкурларга ысык асфальт төшөө мүмкүн эмес. Ошондуктан жолдор убактылуу оңдолуп жатат. Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кабыл алынган убактылуу гана чечим.

Күн жылып, аба ырайы турукташканда «Бишкекасфальтсервис» ишканасы шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды жамоо иштерин баштайт. Айрым көчөлөргө толугу менен асфальт төшөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости