www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы (БУУ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды.

Маалымат үчүн: БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтун Администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович Кыргызстанга 2024-жылдын 3-мартынан 7-мартына чейин биринчи жумушчу сапары менен келди. Бул сапарынын алкагында И.Живкович Ош жана Баткен облустарына барып, ошондой эле Бишкектеги бир катар иш-чараларга катышат.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды. И.Живкович БУУӨПтун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле Тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты. Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, БУУӨПтун Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондун түзүү ниетин билдирди.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле БУУӨПтун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүүгө ишендирди.

Өз кезегинде Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУӨПтун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости