www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарынын ЖЭБнин  базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча коллегиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга мэрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, ӨКМ өкүлү, район акимдери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Коллегиянын алкагында катышуучулар ишкананын аймагын кыдырып чыгып, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштер менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөн «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкек ЖЭБ» жана «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

Мэр Айбек Джунушалиев  бул аралыкта шаар экинчи жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи  өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгилинде электр энергиясын өндүрүү пландалган көрсөткүчтөрдөн жана өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду», — деди мэр.

Мындан тышкары, шаар башчысы 2025-жылы комплекстүү даярдык жана экологиялык саясаттын алкагында мурда иштебей турган түтүн газдарын тазалоо системасы ишке киргизилгенин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле өндүрүш калдыктарын башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилип, бул чыгымдарды азайтууга жана ишкананын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

2025-жылы маанилүү окуялардын бири катары «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын №3 насостук станциясынын пайдаланууга берилгендиги белгиленди. Бул объект 1985-жылдан бери пландалып келген жана долбоор ишкананын өз каражатынын эсебинен ишке ашырылды.

Мындан тышкары, «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Дүйнөлүк банктын жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорун ийгиликтүү аяктады: жылуулук пункттары модернизацияланып, тармактар реконструкцияланды, заманбап эсептегич шаймандар орнотулуп, атайын техника сатып алынды.

Экологиялык абалды жакшыртуу максатында 2025-жылы «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы беш от казанына жылуулук насосторун орнотуп, натыйжада көмүр жагуу болжол менен 385 тоннага кыскартылды.

Коллегиянын жүрүшүндө жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү, керектүү күйүүчү май запастарын топтоо жана жылуулук менен энергияны үнөмдөө чараларын киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле белгиленгендей, мурда күл сактоочу жайды тазалоого болжол менен 30 млн сом сарпталса, азыр Бишкек ЖЭБи  кургак күлдү (салык менен кошо) тоннасына 2815 сомдон сатууда.

Шаар башчысы ысык сууну эрте өчүрүү чечими экинчи жыл катары менен кабыл алынып жатканын жана бул өткөн жылдагы тажрыйбанын натыйжалуулугу менен байланыштуу экенин белгиледи.
«Эрте өчүрүү резервуарларга керектүү көлөмдө сууну алдын ала топтоого жана муздак суу системасына болгон жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет», — деди калаа башчысы.

Мындан тышкары, жылуулук тармактарынын эскилиги жеткендигине байланыштуу гидравликалык сыноолорду өткөрүү зарыл. Бул текшерүүлөрдө көптөгөн бузулуулар аныкталып, оңдоо мөөнөттөрү 30 күндөн 40 күнгө чейин узарып кетүүдө. Ошондуктан иштерди эртерээк баштоо маанилүү. Жай мезгилинде кондиционерлер жана суу жылыткычтар көп колдонулгандыктан, энергосистемага болгон жүк да өсөрү эске алынат.

Мэр Айбек Джунушалиев шаар тургундарын ресурстар менен туруктуу камсыз кылуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
«Таза сууну да, электр энергиясын да үнөмдүү пайдалануу зарыл», — деп баса белгиледи мэр.

Коллегиянын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу, жоготууларды кыскартуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

Последние новости