www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын борбору Вашингтондо ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагындагы инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы стратегиялык маанидеги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу болду, ал бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык туруктуулугу үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык макулдашуунун текстин тактоо боюнча активдүү консультациялар жүрүп жатат.
Жолугушуунун соңунда долбоорду ийгиликтүү алдыга жылдыруу жана анын инвестициялык этапка өз убагында киришин камсыздоо боюнча аракеттерди мындан ары координациялоо боюнча милдеттенме тастыкталды.