www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов "Вояджер" компаниясынын башкы директору Алексей Кабанов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын жетекчиси көрсөтүлгөн колдоо үчүн Башкы консулдукка ыраазычылык билдирип, анын натыйжасында "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКнын базасында өндүрүш ишмердүүлүгү кайра жандандырылганын белгиледи.
Белгиленгендей, 2026-жылдын март айынын башынан тартып компания тарабынан ишкананы ишке киргизүүгө багытталган комплекстүү чаралар ишке ашырылды. Алардын катарына жабдууларды жаңылоо, өндүрүш кубаттуулуктарын пайдаланууга берүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кадрдык курамды этап-этабы менен калыптандыруу кирет.
Азыркы учурда ишкана туруктуу режимде иштеп жатат жана жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Тараптар ошондой эле 2026-жылдын 17–21-март күндөрү өткөн Свердлов облусунун Кыргыз Республикасына болгон бизнес-миссиясынын жыйынтыктарын талкуулашты. Иш-чаранын алкагында «Вояджер» компаниясы мамлекеттик органдарга Кадамжай индустриалдык кластеринин долбоорун тааныштырып, аны өнүктүрүүнүн келечектерин белгиледи.
Өз кезегинде Башкы консул М. Тентимишов аталган долбоордун Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагын өнүктүрүүдөгү маанисин белгилеп, аны алдыга жылдырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКнын туруктуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жөнүндө макулдашышты.