www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун калкы менен жолугушуулар учурунда Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургундары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү боюнча кайрылышкан. Алар Араван ЖДПБда тейлөөдөгү аймактык алыстыкка байланыштуу ыңгайсыздыктарды белгилешкен. Кайрылуунун жыйынтыгында өлкө жетекчилиги тарабынан тиешелүү органдарга бул маселени кароо боюнча тапшырма берилген.
Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Төө-Моюн айылына барып, жергиликтүү тургундар жана Араван районунун акими менен жолугушуу өткөрүп, кырдаал менен жеринен таанышты.
Талкуунун жыйынтыгында аталган айылдын тургундарын медициналык тейлөө тартибин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды.
Төө-Моюн айылынын болжол менен 20 миң жашоочусу мындан ары Кызыл-Кыя ЖДПБсына бекитилип, ошол жактан тейленет.
Кабыл алынган чечим медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.