www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды.
Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, реструктуризациялоо процесси энергетика ишканаларындагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган.
Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат.
Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү.
“КУЭТ” мекемеси облустарда төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу иш жүргүзөт:
Чүй электр тармактар ишканасы;
Ош электр тармактар ишканасы;
Талас электр тармактар ишканасы;
Жалалабат электр тармактар ишканасы;
Ыссык-Көл электр тармактар ишканасы;
Нарын электр тармактар ишканасы;
Баткен электр тармактар ишканасы.
Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.
"Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коому "Электр станциялары" ААКы менен бириктирилди.
Булак: NazarNews.kg