www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхын бурмалоого аракет кылгандарга, неонацизм, расизмге катаал чара көрүү зарылдыгын айтты.
"XX кылымда адамзатты нацизмге алып келген азаптуу трагедиянын сабактары унутулбайт. Дүйнөлүк экинчи согуштун миллиондогон курмандыктарынын алдындагы биздин милдетибиз — тарыхты бурмалагандарга катуу жооп кайтарып, русофобия, неонацизм, расизмдин кайсы түрлөрүн болбосун таратууга аракет кылгандарга каршы туруу", — деди Путин "Армия – 2022" форумунда сүйлөп жатып.
Ал форумдун алкагында антифашисттик эл аралык конгрессти өткөрүүнүн коомдук-саясий зор мааниси бар экендигин белгиледи.
Эске салсак, Путин "Патриот" паркында башталган эл аралык "Армия-2022" деп аталган аскердик-техникалык эл аралык форумдун жана эл аралык армия оюндарынын ачылышына барып, сөз сүйлөгөн.
Булак: NazarNews.kg