www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы мигранттар ортомчулар аркылуу каттоого туруп келишкен. Азыр ошол расмий катоого турбаган мигранттар Орусиянын базасынан чыгарылып жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Бакытбек Усенбаев билдирди.

- 3-сентябрда Орусиядагы мигранттарды депортациялоо боюнча атайын мыйзам чыктыбы? Бул боюнча элчилик кандай чара көрүп жатат?

- Эми мигранттар 3 айга убактылуу бир батирге каттоого турушу керек. Ал мөөнөт бүткөндөн кийин окуп жатат деген же расмий түрдө иштеп жатат деген негиз менен, эгерде эмгек келишими болсо анда салык төлөгөн фирмабы жокпу ошонун баары базадан текшерилет. Андан кийин эмгек келишимдин негезинде каттоону 1 жылга чейин узартып алса болот. Ушундай расмий түрдө база да катталыш керек. Расмий катталбагандар базадан чыгарылат.

Ошондой эле, аларга 5 миң сом айып салынат. Ал эми Орусиянын чыгарган мыйзамына ылайык, эки жолу айып төлөгөн мигрант кара тизмеге кирет. Учурда миллиондогон мигрант базадан чыгып калган.

Эми мигранттардын түйшүгү көбөйүп, азыр 3-сентябрга чейин Орусиядан чыгып-кирүүсү керек. Буга жок дегенде эле 15-20 миң кетет. Алар чек арадан өткөндөн кийин Сахаровага барып, бармак изин жана бир жылда бир кан тапшырышы керек болот.

Бул маселе боюнча биз элчилик менен сүйлөштүк. Алар маселени чечебиз деп айтып жатышат. Бирок алардын аракетинен майнап чыкпайт. Анткени, булар майда-чүйдө эле адамдар. Бул үчүн мамлекеттер аралык келишим кылып, мигранттардын талабы боюнча: элчиликке барып катоого турушу керек, же айына 1000 сом төлөп ошол жерден каттоого туруусу керек болот.

- Кыргыз мигранттары акча төлөп каттоого тургандан кийин, кантип атайын базадан чыгып калды?

- Бул жерде ортомчулар иш алып барган. Аларды атайын фирмалар жасалма юридикалык даректер менен киргизип коюшкан. Бул боюнча атайын иш жүргүзгөндөр бар. Алар 3 айга каттаса 3000, бир жылга каттаса 5000 алып базага киргизген. Эми элчиге келсек, Гүлнара-Клара Самат өзү балык эле. Ал бир гана жөнөкөй мигранттар менен эле эмес, диаспаранын өкүлдөрү менен да жолукпайт. Ал өзү (Гүлнара-Клара Самат) бирөө менен жолуккандан коркобу же уялабы, такыр түшүнүксүз. Мигранттардын маселесин көтөрүп, Гүлнара-Клара Самат менен жолугалы деп барсак, «көпчүлүк менен жолкпайм» деп айттырып жибериптир. Кийин Салтанат Митиеваны кабыл алган, бирок азыркы коомчулукту бүт дүрбөткөн мигранттардын маселесинен кабарсыз экенин айтты.

Эске салсак, 13-августта саат 14:00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп «NazarNews» маалымат агенттигине Бакытбек Курманбаев билдирген.

Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Россия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.

«Элчи эжебиз келгенден бери эл менен жолуккан жок. «Элчи» деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коомуникация жок болуп жатат», - деген мигрант.

Андан сырткары Орусияда эмгектенген жарандык активист Бакытбек Курманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мигранттардын атынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости