www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы мигранттар президентке кайрылышты

Россияда эмгектенген жарандык активист Бакытбек Курманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мигранттардын атынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Кайрылуусунда ал Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчиси Гульнара-Клара Саматтын ордуна башка, татыктуу адамды коюуну өтүндү.

"Урматтуу президент Садыр Нургожоевич!

Ушундай эле РФ элчилигинде олтурган Гульнара-Клара Саматты да жолго салып, РФ элчилигин алмаштырып эл менен бирге боло турган, тең ата сүйлөшө турган билимдүү, тил билги адамга алмаштырып берүүңүздү өтүнөт элек. Ошондой эле күндөн-күнгө мигранттардын абалы оорлошуп бара жаткандыгына байланыштуу тез арада чара көрүп берүүңүздү өтүнөбүз", - деп жазылган кайрылуусунда.

13-августта Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп «NazarNews» маалымат агенттигине Бакытбек Курманбаев билдирген.

Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Россия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости