www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы жылуулук үчүн карызы көп объектилердин тизмесин жарыялады. 

"Шаар тиричилигин жөнгө салып турган бардык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. 9-октябрь күнү жылуулук берилди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жылуулук үчүн карыз 4 миллион 207 миң сомду түзөт. Абоненттер акчасын канчалык өз маалында төлөсө, жылуулук менен ысык суу берүүгө ошончолук жакшы шарттар түзүлөт", — деп айтты мэрия. 

Мэриядан билдиришкендей, муниципалитетке тиешелүү "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 600 турак жайды, 12 саламаттык сактоо уюмун, 40 мектепти, 14 бала бакчаны, сегиз ЖОЖду жана 200дөн башык башка объектилерди тейлейт.

Карыз болгондордун тизмеси:

  • "Жал-29", №22, №22/1, №22/2 үйлөр – "Маккена" компаниясы — 1 миллион 721 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №3/5, №3/6 үйлөр – "Шерой" компаниясы — 324 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №2/21 (А,Б,В,Г) үй – "Имарат–Прогресс" компаниясы — 244 миң сом;
  • Термечиков көчөсү, №10/1 үй – "Кыргыз-Каганат" компаниясы — 92 миң сом;
  • Лев Толстой көчөсү, №126 үй – "Оргтехстрой" компаниясы — 1 миллион 610 миң сом;
  • Панфилов көчөсү, №16 үй — 215 миң сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости