www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекке Екатеринбургдан 188 Кыргыз жараны кайтып келди. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Чартердик каттам менен өлкөгө Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Жаңы Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермиден кайтууга өзгөчө муктаж болгон жарандар келишти (ар кандай оорусу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле турмуштун оор сыноосунда калган жарандар).
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын, кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда "Авиатрафик" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алган авиабилеттердин болушу эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган.
Чет мамлекетте жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Булак: NazarNews.kg