www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан Бишкекке 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы автобустар 15-сентябрына чейин линияга чыгат.
Ошондой эле, "Zhong Tong Bus" компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.
Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен ZHONGTONG BUS HOLDING CO., LTD LCK6105 моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.
Бул долбоор Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн " Zhong Tong Bus " компаниясында ишке ашырылууда.
Булак: NazarNews.kg