www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Каскелең шаарындагы төрөт үйүнүн 3-кабатынан аял секирип кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.
Маалым болгондой, кош бойлуу аял Карасай райондук аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө төрт күн мурун түшкөн. Ал төрөлө элек баласынан айрылып калып, стресттен улам ушундай кадамга барган.
"Ал буга чейин үч жолу кош бойлуу болгон. Бирок үчөө тең майнапсыз болгон. Биринчи баласы ичинен чарчап калган. Экинчи баласын ЭКОнун жардамы менен боюна бүтүргөн. Бирок андан да 26-жумасында айрылган. Бул жолкусунда да баласын сактап калуу мүмкүн болгон эмес ", - деди оорукананын кызматкерлери. .
Медицина кызматкерлеринин айтымында, аялга шашылыш түрдө операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
"Медайым ага дары берип жаткан учурда аны түртүп, терезеден секирип кеткен. Натыйжада анын колу сынган, учурда абалы туруктуу", — дешти төрөт үйүнүн дарыгерлери.
"Бир эле учурда үч баладан ажырап калуу оңой эмес, балким, аял төрөттөн кийинки стресске кабылгандыр", - деп түшүндүрүштү дарыгерлер.
Булак: NazarNews.kg