www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенттигине талапкер, Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис мексикалык наркокартелдер менен күрөшүү үчүн бардык күчтөрдү колдонууга убада берди. Бул тууралуу The Hill жазып чыкты.
Анын айтымында, эгер ал 2024-жылдагы шайлоодо жеңип чыкса, Мексика бийлигинин жардамы менен же болбосо бул коркунучту толугу менен жок кылууга аракет кылат.
“Биз аларды жоопкерчиликке тартууга укугубуз бар жана бул алар кокустан биздин чек арадан өтүп кеткенде гана эмес. Эгер Мексика бул жагынан бизге жардам бербесе, анда биз эмне кылышыбыз керек болсо, ошону кылууга аргасызбыз",-деди ДеСантис.
Мексиканын аймагындагы картелдерге каршы учкучсуз учактарды колдонобу деген суроого саясатчы АКШ өз өлкөсүн коргоо укугун колдоноорун кошумчалады.
ДеСантис картелдер Американын аймагына басып кирип, мамлекеттин жарандарына “чет элдик террордук уюм” сыяктуу зыян келтирип жатканын баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg