www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Эмир Кылычбеков Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга татыды.

Бокс боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустан Орша шаарында өтүүдө.

Эмир Кылычбеков 57 килограммга чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште түркмөн мушкерин жеңген. Бирок, жарым финалдык беттеште беларусь мушкерине утулуп, коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык 3 мушкер финалга чыккан. 12-августта спортчулар алтын үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости