www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-июлда Бишкекке орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келишти. Дарыгерлер Бишкекке Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы менен жеткирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Башкортстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринин тобу COVID-19 менен күрөшүүдө кесиптештерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн келишти. Анда 50 адистен турган орусиялык медкызматкерлердин 5 тобуна хирургдар, кардиологдор, терапевттер, педиатрлар, травматологдор, анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, пульмонологдор жана коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды дарылоодо көп жылдык тажрыйбасы барлар кирген. Алар Кыргыз өлкөсүндө бир ай убакытка чейин болуп, COVID-19 менен ооругандарга кам көрүү ишин уюштурууга, кызыл зонада иштеп, бейтаптарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт.
Дарыгерлерди саламаттыкты сактоо министринин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тосуп алды. Ал көрсөтүлгөн жардам үчүн Россиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
"Бүгүн орусиялык адистер өлкөдөгү кырдаал менен таанышып, эртеңден баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында иштей башташат", - деди Шадыханов.
25-июлда дагы бир атайын каттам менен медициналык шаймандардын жана дары-дармектердин жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Кечээ, 22-июлда коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан Ил-76 аскердик-транспорттук учагы менен медициналык жабдуулар жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алтын медицина кызматкерлеринин тобу келген.
Булак: NazarNews.kg