www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-октябрга чейин Бишкектин жолдорунда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Муниципалдык инспекциядан билдиришкендей, чектөө күндүзгү абанын температурасы +28°С жана андан жогору болгон учурда саат 09:00дөн 19:00гө чейин күчүндө болот.
Инспекциядан кошумчалашкандай, бул чектөө тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана гуманитардык жардамдарды ташыган, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жолдорду курууга жана оңдоого тартылган, ошондой эле муниципалдык буйрукту аткарып жаткан унааларга жайылтылбайт.