www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана туура тамактанууну жайылтуу боюнча улуттук аракеттердин алкагында курамында кант бар суусундуктарга салык салуу маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги саясий диалог өткөрдү.
Жугуштуу эмес оорулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, онкологиялык жана өнөкөт респиратордук оорулар Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Таттуу суусундуктарды ашыкча колдонуу, айрыкча балдар жана жаштар арасында, семирүүнүн, диабеттин жана башка оорулардын өнүгүшүнүн негизги тобокелдик факторлорунун бири катары таанылган.
Диалог курамында кант бар суусундуктарга салык салуу боюнча далилдүү базаны, эл аралык тажрыйбаны жана мүмкүн болгон ыкмаларды талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, техникалык эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Иш-чараны ачып жатып, катышуучулар калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана туура эмес тамактанууга байланышкан оорулардын өсүп жаткан жүгүн азайтуу үчүн далилдерге негизделген саясат чараларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөнүн 115тен ашуун өлкөсү, анын ичинде ДССУнун Европа регионундагы 22 өлкө калктын тамактануусун жакшыртуу жана жугуштуу эмес оорулардын медициналык жана экономикалык жүгүн азайтуу боюнча комплекстүү чаралардын алкагында курамында кант бар суусундуктарга салык салуунун ар кандай формаларын киргизишкен. Эл аралык маалыматтар таттуу суусундуктардын баасын жогорулатуу алардын керектөөсүн олуттуу кыскартууга көмөктөшөрүн жана ден соолукка пайдалуу тамактануу адаттарын калыптандырууга өбөлгө түзөрүн, бул калктын ден соолугуна да, өлкөнүн экономикасына да оң таасир берерин көрсөтүүдө.
«Бүгүнкү күндө биз кант диабетинин, семирүүнүн жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын олуттуу өсүшүнө туш болуп жатабыз, айрыкча балдар жана жаштар арасындагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Курамында кант бар суусундуктар эрте жаштан тартып зыяндуу тамактануу адаттарын калыптандырат жана ошол эле учурда эч кандай азыктык баалуулукка ээ эмес. Мамлекет бүгүнкү күндө эле диабеттин татаалдашууларын — гемодиализ, инфаркт, инсульт, ампутацияларды жана майыптуулукту дарылоого ири чыгымдарды көтөрүүдө. Ошондуктан курамында кант бар суусундуктарга салыкты жогорулатуу маселесин биринчи кезекте калктын ден соолугуна жана өнөкөт оорулардын алдын алууга инвестиция катары кароо зарыл. Эл аралык тажрыйба жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары мындай чаралар, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр арасында, кантты керектөөнү азайтууга жардам берип, өлкө үчүн ден соолугу чың келечекти калыптандырууга өбөлгө түзөрүн ырастайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова.
«Курамында кант бар суусундуктарга салык салуу — бул коомдук саламаттык сактоо чарасы гана эмес, калктын келечектеги ден соолугуна, өндүрүмдүүлүгүнө жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна инвестиция», — деп белгиледи ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.
«Эл аралык тажрыйба туура иштелип чыккан салыктык-бюджеттик саясат кантты керектөөнү азайтууга, өндүрүүчүлөрдү ден соолукка пайдалуураак продукция чыгарууга шыктандырып, өзгөчө балдар менен жаштар арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга жардам берерин ишенимдүү көрсөтүп турат».
«Кыргызстандагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратат. 2023-жылдагы МИКС изилдөөсүнүн маалыматтарына ылайык, 6 айдан 23 айга чейинки балдардын 78%ы таттуу суусундуктарды эмитен эле колдонушат. Ошол эле учурда өлкөдө балдар арасындагы ашыкча салмак жана семирүү деңгээли өсүүдө. ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана өнөктөштөрүн ар бир бала ден соолугу чың, корголгон шартта өсүп, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыра ала турган чөйрөнү түзүүдө колдоого берилгендигин тастыктайт», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
«Кыргыз Республикасы боюнча биздин талдоо калктын ден соолугуна да, мамлекеттик финансыга да олуттуу пайда алып келе турган практикалык чаралар бар экенин көрсөтүүдө», — деди Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл. «Курамында кант бар суусундуктарга салыктын жогорулашы жакынкы 25 жылда 50 000ден ашуун семирүү учурларынын, 41 000 2-типтеги диабет учурларынын, ошондой эле миңдеген жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана инсульттардын алдын алууга жардам бере алат. Мындан тышкары, бул тамеки акциздеринен түшкөн азыркы кирешелерге салыштырмалуу кошумча бюджеттик кирешелерди камсыздай алат. Бул улуттун ден соолугун чыңдоого, мамлекеттик финансыларды бекемдөөгө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн колдоого жардам бере турган акылга сыярлык чара».
Катышуучулар эл аралык тажрыйбаны, экономикалык моделдөөнүн жыйынтыктарын жана Кыргыз Республикасында иштелип жаткан ченемдик-укуктук базанын долбоорун карап чыгышты. Талкуулардын жүрүшүндө тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, сунушталган чараларды ишке ашыруу маселелерине, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо саясатын кызыкчылыктардын кагылышуусунан коргоону камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара ДССУнун сунуштарына жана саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык милдеттенмелерге ылайык жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну күчөтүү жана ден соолукка пайдалуу тамактануу чөйрөсүн калыптандыруу боюнча уланып жаткан улуттук аракеттердин бир бөлүгү болду.
Бул иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.