www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения 28-майда боло турган Эгемендүүлүк күнүнө арналган аскердик парадга даярдык учурунда Кытайдан алынган CH-4 “Rainbow” аскердик дрондорун биринчи жолу коомчулукка көрсөттү.
25-майда Ереван шаарында тартылган кадрларда бул учкучсуз аппараттар байкалып, алардын Гюмри авиабазасында жайгашканы тууралуу маалымат ырасталды.
CH-4 — Кытайдын CASC корпорациясы чыгарган чалгындоо жана сокку уруучу дрон. Ал 30 саатка чейин абада болуп, 7-8 чакырым бийиктикте уча алат. Аппарат спутник аркылуу башкарылып, түнкү көрүү, жылуулук байкоо системалары жана жогорку тактыктагы ракеталар менен жабдылган.
Бул дрондор чалгын жүргүзүү, артиллериялык соккуларды тактоо жана аскердик техникаларды бутага алуу үчүн колдонулат. Армениянын бийлиги азырынча бул дрондорду сатып алуу боюнча расмий билдирүү жасай элек.