www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө баңгизатка каршы!

Бүгүн, Ош шаарында «Баңгизатсыз дүйнө үчүн» урааны астында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Ал жаштардын жана жашы жете элек өспүрүм балдардын арасында баңги каражаттарын колдонуунун алдын алуу максатында жарыяланган бир айлык өнөктүктүн алкагында, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери, кесиптик лицейлердин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, КР Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Усенов, КР ИИМдин ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн командири Т.Мамбетказиев дагы катышып, жаштарды мекенчилдикке, сергек жашоого үндөп, баңгизаттарды колдонбоого чакырыктарды жасашты.

Иш-чаранын алкагында КРнын ИИМдин БМЖКККнын кинологторунун баңги заттарды табуу боюнча жөндөмдүүлүгү, кылмышкерлерди кармоо техникасы көрсөтүлүп, ИИМдин ички аскерлеринин курал-жарактарынын, техникалардын жана аскер формаларынын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Последние новости