www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 2026-жылдын 25-майында Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы жыйында баяндама жасап, анда эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнүн жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга туш болууда КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда тыгыз кесиптик диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар өнөктөштүктү андан ары бекемдөөгө жана Шериктештикте коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган бир катар практикалык чараларды ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости