www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте акча алмаштыруучу жайдан карактоо жолу менен акча алып качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-июлда болгон. Нөөмөт бөлүмгө Байтик-Баатыр көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлардын бирине белгисиз адам кирип, каракчылык кылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, белгисиз жаран акча алмаштыруучу жайдын кызматкерине карата электрошокер колдонуу менен 10 миң 500 доллар каражатты алып кеткени аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делинип 1993-жылы туулган М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү делинген жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ыктыярдуу түрдө 92 миң сом, 33 миң 700 рубль, 100 евро жана 307 доллар каражатын кайтарып берген. Калган акчаны ал жеке муктаждыктарына жумшаганын айткан",-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары улантылуууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости