www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мектепте 11 жаштагы кыз башка кызды ажатканага киргизип ур-токмокко алган. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
28-апрелде милицияга жабыркаган кыздын энеси Б.Г. арыз жазган. Окуя 25-апрелде болгон.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан сырткары, Бишкек ШИИБде окуянын бардык катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар күбө катары да суракка алынган.
Л.И. аттуу аялга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси ("Ата-энелик милдеттерден качуу") боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом айып пул салынган.
Чогулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясына тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлгөн.
Буга чейин ушул эле кыз Кайың токоюнда башка кызды сабаган видео тараган. Октябрь РИИБ биринчи фактыдан кийин окуучу алты айга профилактикалык каттоого алынганын, ошондой эле эки жумага онлайн окууга которулуп, үй-бүлөсү менен иштөөнүн жеке программасы түзүлгөнүн кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg