www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын объектилерине сокку уруу менен катар Украинанын мындан аркы чагымчыл иштерине РФ катуу жооп бериши ыктымал. Бул тууралуу Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарованын айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Киев жана Батыш өлкөлөрү биздин мамлекеттин Коргоо министрлигинин "Украинанын мындан аркы чагымчылдыгына Россия катуу жооп берет" деген билдирүүсүн олуттуу кабыл алса жакшы болмок. Жинибизге тийип, сабырыбыз менен ойнобоого чакырам", — деди Захарова.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина аскердик аракеттерди Россиянын аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечиши керектигин айткан. Ал Россиянын аймагындагы аскердик аракеттер өзүнчө иш экенин белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Булак: NazarNews.kg