www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 13 жаштагы Аяна бир айдан бери дайынсыз болуп жатат

Дээрлик бир айдан бери дайыны чыкпай жаткан 13 жаштагы Аяна Тойбаева изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

21-май күнү кыздын энеси милицияга жардам сурап кайрылган. Ал кызы 17-май күнү Бишкектеги Огонбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм кыз 19-июнь күнү 14 жашка толот.

Белгилери: бою 145-150 сантиметр, арыкчырай, кой көз, чачы кара. Үстүнө кара түстөгү куртка, боз спорттук кийим, кара кроссовка кийип жүргөн.

Кызды көргөн-билгендер болсо 0 (553) 10-23-87,0 (703) 22-26-22, 0 (702) 49-88-88, 0 (772) 84-73-36, 0 (557) 11-94-10, 0 (709) 33-24-63 же 102 номерине кабарлай алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости