www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 13 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Бишкек шаарында 2013-жылы туулган Сатаева Раяна дайынсыз болуп, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аны издөөгө жардам сурады.

Маалыматка ылайык, 25-августта саат 11:40 чамасында Раяна Ак-Босого жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине келип, велосипедин калтырып, кайра чыгып кеткен. Ошондон бери анын жүргөн жери белгисиз.

Бул факты 26-августта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыздын белгилери:

  • бою болжол менен 140–145 см;
  • көзү кара;
  • чачы кара, каре үлгүсүндө.

Кийген кийими: көк түстөгү джинсы шым жана алды жагында кызыл түстөгү «21» деген жазуусу бар ак футболка.

Раянанын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандардан Ленин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 0312 35-29-47 же 0 224 214 346 номерлери аркылуу кабарлап коюу суралат.

Последние новости