www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылгандыгына байланыштуу 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү.
Өзгөртүү №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254-автобустарга тиешелүү.
Чектөөлөр күчүндө турган мезгилде автобустар жабылган тилкени айланып өтүп, өзгөртүлгөн маршрут боюнча каттайт.
Мэрия тургундардан жана шаар конокторунан сапарларын алдын ала пландап, убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алууну жана зарыл учурда альтернативдүү каттамдарды тандоону өтүндү.