www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкек шаарынын «Ак-Тилек» конушунда белгисиз бирөөлөр жашы жете элек өспүрүмгө бычак сайышкан. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-август күнү райондук милицияга «Ак-Тилек» конушунда жаш бала бычак жеп, жараат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой 16 жаштагы Ж.Н. аттуу өспүрүм көкүрөк тушуна бачык жеп, шаардагы балдар ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши ачылып, учурда иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости