www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчилиги украин аскерлеринин Запорожье атомдук станциясын аткылоосуна байланыштуу эч кандай чечкиндүү чара көрбөй жатат. Бул тууралуу Запорожье облусунун администрация башчысы Евгений Балицкий Telegram-каналында билдирди.

Энергодар шаарынын бийлиги жекшембиге караган түнү Киев аскерлери Запорожье атомдук электр станциясына "Ураган" ракеталык системасынан сокку урганын жарыялаган. Ракетанын кыймылдаткычы станциянын иштеп жаткан энергоблогунан 400 метрдей жерге кулап түшкөнү айтылган. Эгер ал иштеп жаткан энергоблокко тийсе, Украинадан тышкары, Европанын жана Азиянын жүз миңдеген тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаралары кошумчаланды.

"МАГАТЭнин жетекчилиги киевдик нацисттер бүткүл дүйнө үчүн жаратып жаткан өзөктүк катастрофанын реалдуу коркунучун билет. Бирок алар украин өкмөтүнүн кылмыштуу аракеттерин ооздуктоо үчүн реалдуу чараларды көрбөй жатышат", — деди Балицкий.

Ал эми МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси мурдараак Запорожье атомдук станциясынын аткылоого байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Анын айтымында, аталган станциянын коопсуздугуна коркунуч келтирген аскерий аракеттер "акылга сыйбаган нерсе". Гросси бул маселе боюнча МАГАТЭнин эксперттеринин миссиясын жетектөөгө даяр экенин айткан.

Бул маселе боюнча өз позициясын Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы билдирди.

"Атомдук электр станцияларына кол салуу — жанкечтилик аракет. Бул нерсе токтойт деп үмүттөнөбүз. Ошол эле учурда МАГАТЭнин адистери станцияга кирүүгө мүмкүнчүлүк алат деп үмүттөнөбүз", — деди Гутерриш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости