www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке нотариустардын лицензия алуусу татаалдашат

Юстиция министрлиги жеке нотариат ишин жүргүзүүгө лицензия алууга талапкерлер үчүн экзамендин форматын кескин реформалайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Экзамендин форматы субъективдүү факторлордун таасирин азайтуу үчүн өзгөртүлөт.

Мындан ары нотариустун лицензиялык экзамени 2 гана этаптан турат жана талапкердин жеке аңгемелешүүсү комиссия тарабынан жокко чыгарылат.

Сынактын жаңы форматында компьютердик тестирлөөгө басым жасалып, талапкердин жыйынтыктоочу баллынын кеминде 70%ы аныкталат.

Мындан ары талапкер тесттин 100 суроосуна жооп берет жана анын эң аз 65ине туура жооп бериши керек болот.

Сынактын биринчи этабында компьютердик тестирлөө, экинчи этабында практикалык тапшырманы аткаруу турат. Бул турларды онлайн режиминде милдеттүү түрдө көрсөтүү жана видеого үнү менен жаздыруу киргизилет.

Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн талапкерлер менен байланышын азайтуу үчүн Юстиция министрлиги сынактын процессин уюштуруу бөлүгүнө аутсорсингге техникалык топту тартат, ошондой эле сынак процессинин башка бир катар процедуралык аспектилери оптималдаштырылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости