www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Арча-Бешик конушунда Howo унаасы менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы болуп, скутердин айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Жол кырсык бүгүн, 10-сентябрда болжол менен саат 11:45те болгон. Бетон аралаштыргыч Howo унаасы Жайыл баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй бараткан. Ал Шералиев көчөсүнө жеткенде, оң жакка бурулуп жатып, аркасынан келе жаткан скутер менен кагылышкан. Натыйжада скутердин айдоочусу Howo унаасынын алдында калып көз жумган.

Окуя болгон жерге милиция кызматерлери барып, маркум 2007-жылы туулган И.Ш. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда бул факт боюшча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.

Последние новости