www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улан Ниязбековдун Кытайда өткөн коомдук коопсуздук кызматташтык форумуна катышуусунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамкеңешинин мүчөсү - Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуусу болуп өттү. 

Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өттү. 

Талкууланган маселелер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы туруу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктарына тиешелүү болду. Аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун стратегиялык мааниси артыкчылыктуу милдет катары белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти. 

Тараптар укук тартиби чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керектиги зарыл.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү зарылдыгына жалпы ишеним болду. 

Последние новости