www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине рейд жүргүзүлүүдө.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир катар объекттердин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин уюштуруу талаптарынын сакталбаганы аныкталды. Тактап айтканда, курулуш аянтчалары тиешелүү деңгээлде тосулбаган, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн калкалоочу тосмолор жана чатырчалар орнотулган эмес, сырткы жарыктандыруу каралган эмес, кирүүчү жолдор даярдалбаган жана автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлары уюштурулган эмес.
Алар:
Бакаев көчөсү 37 – 9 кабаттуу турак жай;
Репин көчөсү 215 – 12 кабаттуу турак жай;
М. Абдраев көчөсү 206 – 5 кабаттуу турак жай;
Ак-Шыйрак көчөсү 46 – 10 кабаттуу турак жай;
Жайыл-Баатыр көчөсү – 62 дарегиндеги ресторан;
Гагарин көчөсү 104 – салтанат рестораны;
Ветеринар көчөсү 14 дарегиндеги – 8 кабаттуу турак жай;
Жеңиш проспектиси 404,406 дарегиндеги 8 кабаттуу турак жай;
М.Сагынбай көчөсү 272, 279 – 9 кабаттуу турак жай;
Уметалиев көчөсү 3 / Чүй проспектиси 155 – 9 кабаттуу мейманкана;
Масалиев көчөсү 45 – 9 кабаттуу мейманкана;
Бакаев көчөсү 178/1 – 4 кабаттуу клубдук турак жай;
Курчатов көчөсү 170В дарегиндеги – 6 кабаттуу кеңсе;
Жал 90/2 кичи районундагы – 9 кабаттуу турак жай;
Магистраль көчөсү 7 – 9 кабаттуу турак жай;
Курултай көчөсү 19 – 3 кабаттуу кеңсе;
Арча-Бешик көчөсү 27,30,39 дарегиндеги – 12 кабаттуу турак жай;
Репин көчөсү 213 – 3 кабаттуу кеңсе имараты.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча “Элемент Стиль” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү токтотулду.
Мындан тышкары, “Имарат Восток”, “Тайлак Строй”, “КомСтройСервис”, “Алим Строй”, “КН Гранд Строительства”, “Мурас Курулуш Групп”, “Старт Компани”, “Масшер Билдинг”, “Алип Строй”, “Мерибелл Текстиль Иншаат”, “Битрейд Импекс”, “Бостон Строй”, “Дрим Хаус”, “Ынтымак Биримдиги”, “Бак-Строй-Талас”, “ТК Мегаприм” жана “Сантехмонтаж” курулуш компанияларына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, талаптар аткарылганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти КР КЧ 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет. Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.