www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу кызматы камактагы Аскат Жетигендин жактоочусу тарабынан таркатылган №27 түзөтүү мекемесиндеги кармоо шарттарынын бузулушу тууралуу маалыматты четке какты.
Кызмат мекеменин тигүү цехинде иштеген жаза өтөөчүлөргө эмгек акы төлөнбөгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеме кабарлагандай, соттолгондор жеке арызынын негизинде ыктыярдуу түрдө иштешет жана эмгек акы өз убагында төлөнүп берилет.
2026-жылдын апрель айынын башында тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерине банк карталары берилген. Ошондон бери төлөмдөр белгиленген тартипте алардын жеке эсептерине которулуп келет.
Ошондой эле Жаза аткаруу кызматы түрмөнүн жетекчиси соттолгондорго карата физикалык күч колдонгону тууралуу маалыматты да четке какты.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, кылмыш-аткаруу тутумунун ички эрежелерине ылайык, түзөтүү мекемелеринде күн тартиби бекитилет. Анда эртең мененки тизилүү, мамлекеттик гимнди аткаруу жана физикалык көнүгүүлөрдү жасоо каралган.
Муну менен катар соттолгондор үчүн сейилдөө жана саптык жүрүштөр күнүнө эки жолудан өткөрүлөт. Кызмат айрым камалгандарды күнүнө үч-беш жолу чуркатканы тууралуу маалыматты да жалган деп атады.
Жаза аткаруу кызматы Аскат Жетигендин ден соолугу тууралуу өзүнчө маалымат берди. Ага ылайык, 2026-жылдын 29-июнунда ал эки буту ооруганын айтып даттанып, мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган. Кароодон кийин ага дарылоо дайындалып, керектүү дары-дармектер берилген.
Мындан тышкары, 13-июлда Аскат Жетиген кечки сейилдөөдөн бошотуу тууралуу маалым кат берүүнү талап кылган. Медицина кызматкерлери ага алдын ала кароодон өтүүнү сунушташкан, бирок ал баш тартып, медициналык бөлүмдөн чыгып кеткенин Жаза аткаруу кызматы кошумчалады.
Маалыматта Аскат Жетиген тарабынан бир нече жолу мекеменин ички тартибин бузуу аракеттери катталганы айтылат. Мекеменин билдирүүсү боюнча, ал башка соттолгондорду кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоого жана белгиленген режимди бузууга чакырган. Буга байланыштуу администрация аны менен профилактикалык маек жүргүзүп, оозеки эскертүүлөрдү берген.
Кылмыш-аткаруу тутумунун мекемелеринин иши прокуратура органдарынын көзөмөлүндө турарын кошумчалады Жаза аткаруу кызматы.
Белгилей кетсек, Аскат Жетиген жактоочусуна жазган экинчи катында абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанып, буга абактын жетекчиси тикмечилерди сабаганын мисал келтирген. Акын ички тартипке ылайык камактагылар күнүнө эки ирет чуркоого милдеттүү болсо азыр үч ирет, же беш ирет мажбурлап чуркатылып жатканын белгилеген. Ал ошондой эле оорулууларга дары-дармек колдонууга керектүү шарттар жаратылбаганын белгилеп, жеке өзү ооруп жатканы жөнүндө медициналык тастыктаманы ала албай жатканын кошумчалаган.