www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада 19 буу казан газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ордо калааны каптаган ыш көйгөйүн чечүү максатында Бишкек мэриясы менен "Газпром" ишканасынын ортосунда меморандум түзүлүп, документке кол коюлган.
Анда "Бишкек жылуулук" ишканасынын буу казандарын жаратылыш газына өткөрүү тууралуу жазылган.
Документ 2021-2023-жылдары Бишкек шаарындагы жана Чүй облусуна караштуу Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү планды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
План боюнча 2021-жылдын 1-октябрынан тарта "Бишкек жылуулук" ишканасынын 19 буу казаны газга өтүшү керек. Алар:
№7 орто мектеби;
№15 орто мектеби;
№32 орто мектеби;
№35 орто мектеби;
№40 орто мектеби;
№41 орто мектеби;
№49 орто мектеби;
№54 орто мектеби;
№59 орто мектеби;
№74 орто мектеби;
№75 орто мектеби;
№ 12 бала бакчасы
№ 152 бала бакчасы
№ 23 орто мектеби;
№ 82 орто мектеби;
№ 96 орто мектеби;
№ 19 орто мектеби;
№ 187 бала бакчасы
"Байыр" буу казаны.
Белгилей кетсек, "Бишкек жылуулук" ишканасы 66 буу казанын тейлейт. Анын ичинен 21и көмүр менен жылыса, 23ү газ менен, 11и электр энергиясы менен жылыйт. Ал эми 11и аралаш.
Жыл сайын буу казандарды тейлеп, камсыз кылууга шаардык бюджеттен 36 миллион сом бөлүнө турганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg